Редакцияот 27.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 27-апрели № 4-8-19

Сары-Бээ жана Көк-Таш АБнын көрүстөн жолдорун оңдоо иштери үчүн 300,0 миң сом акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

 

Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ жана Көк-Таш АБнын башчылары А. Мамасалиев жана Мамадияр уулу Элдиярдын маалыматтарын угуп,талкуулап,депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеӊештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1. Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ жана Көк-Таш АБнын башчылары А.Мамасалиев жана Мамадияр уулу Элдиярдын маалыматтары эске алынсын.

            2. Сары-Бээ АБнын “Бада- Мойнок” жана “Баба-Ата” көрүстөнүнүн кеткен жолдорду калыбына келтирүүгө жана Мазарды тосуу үчүн материалдарды сатып алууга 150,0 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен № 4-8-3 токтому менен бекитилген № 7- тиркемесине ылайык бөлүнүп берилсин.

            3. Токтогул көчөсүндөгү “Жеке мисте” көрүстөнүнүн жолун оңдоо иштери үчүн 150,0 сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен № 4-8-3 токтому менен бекитилген № 7- тиркемесине ылайык бөлүнүп берилсин.

            4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

            5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (К.Ю.Токтоназаровко) жана шаардын мэрине (Н.А.Маматовго) жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.К.Барбиев