Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 4-8-21
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин төрагасы Б.К. Барбиевтин жана аксакалдар сотунун төрагасы Н. Маматовтун докладын угуп,талкуулап,депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А. Маматовтун,аксакалдар сотунун төрагасы Н. Маматовтун доклады жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Сот аксакалдарына бир жылга (2017-жылга) 30,0 миң сом акча каражат айлык маяна катары республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү дагы башка каражаттардын эсебинин № 4-8-3а токтому менен бекитилген № 1- тиркемесине ылайык бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
Б.К.Барбиев |