Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 4/2
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги 2016-жылдан калган калдык акча каражатынан төмөндөгүлөргө бөлүү үчүн, Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги 2016-жылдан калган 2804000 (эки миллион сегиз жүз төрт миӊ) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнсүн:
1. «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбооруна экскватор атайын.техника (МТЗ-82) тркаторун алууга өздүк салымына 518000 (беш жүз он сегиз миӊ) сом бөлүнүп берилсин жана конкурстун жеӊүүчүсүнө түз которулсун. Алынып келинген атайын техника айыл өкмөттүн балансасына алынсын.
2. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн 2016-жылдан калган жергиликтүү бюджетиндеги 2110948 (эки миллион бир жүз он миӊ тогуз жүз кырк сегиз) сом калдык акча каражаты техника алууга бөлүнсүн.
3. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн имаратына интернет түйүнүн кошуу үчүн 39600 (отуз тогуз миӊ алты жүз) сом акча каражаты бөлүнсүн.
4. Ак-Моюн айыл өкмөтүнө газетага бир жылга жазылууга 7452 (жети миӊ төрт жүз элүү эки) сом акча каражаты бөлүнсүн.
5. Ак-Моюн айыл өкмөтүнө ноутбук алууга 30000 (отуз миӊ) сом акча каражаты бөлүнсүн.
6. Ак-Моюн айыл аймагында туберкулез менен ооруган жарандар үчүн 3000 (үч миӊ) сом акча каражаты бөлүнсүн.
7. Айыл өкмөт башчыга бензин алууга 15000 (он беш миӊ) сом акча каражаты бөлүнсүн.
8. Ак-Моюн айыл аймагында даталуу күндөргө 50000 (элүү миӊ) сом акча каражаты бөлүнсүн.
9. А.Койчуманов орто мектебинин сырткы кире беришин ремонт жасоого 30000 (отуз миӊ) сом акча каражаты бөлүнсүн.
Бардык сумма: 2804000 (эки миллион сегиз жүз төрт миӊ) сом.
2. Бул акча каражаттар бекитилген сметага ылайык КРнын «Бюджеттик Кодекси» мыйзамынын негизинде чыгымдоо жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага |
К.Асаналиев |