Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы №4/3
Ак-Моюн айылдык кеӊешинин депутаты Ж.Кайыповдун айыл өкмөт башчы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык укугу токтотуу жана кийинки талапкерди Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан аныктап берүү үчүн, Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айылдык кеӊешинин депутаты Кайыпов Жеӊишбек Өмүровичтин айыл өкмөт башчы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык укугу токтотулсун.
2.Ак-Моюн айылдык кеӊешине кийинки талапкерди аныктап берүү жагы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын «Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык бул токтом Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж. Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К.Асаналиев |