АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 4/4
«Бирдик» коомдук үрөн фондусун түзүү жөнүндө
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 2-беренесинин негизинде, Бирдик айылында «Бирдик» коомдук үрөн фондусун ачуу жөнүндөгү чогулуштун токтомун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирдик айылында уюшулган «Бирдик» коомдук үрөн фондусу каттоодон өткөрүлсүн жана коомдук үрөн фондунун уставы бекитилсин.
2. Коомдук үрөн фондунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген уставга ылайык иш алып баруусун камсыз кылуу жагы «Бирдик» коомдук үрөн фондунун төрагасы Кайыпов Союзбек Өмүровичке милдеттендирилсин.
Төрага | К.Асаналиев |