Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-марты № 5/3
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы, жогорудагыларды угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Шекер-Мүрөгү» ИСКАКБнын башчысы Т.Жумакадыровдун 2016-жылда аткарган жумуштары канааттандыраарлык деп баалансын.
2. «Шекер-Мүрөгү» ИСКАКБнын 2017-жылга карата бюджети бекитилсин (1 барак бюджет долбоору тиркелет).
3. «Шекер-Мүрөгү» ИСКАКБнын бухгалтердик кызмат орду кыскартылсын, бухгалтердик иш кагаздарды ИСКАКБда иштеген кызматкерлердин бирөөнө кошумча милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын «Шекер-Мүрөгү» ИСКАКБнын башчысы Т. Жумакадыровго тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага |
К.Асаналиев |