Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-марты №5/5
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы, жогорудагыларды угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ири мүйүздүү малдарды идентификациядан өткөрүү боюнча бирканын төлөмүнө 40(кырк) сом, кызмат көрсөтүүгө 30(отуз) сом болуп бекитилсин.
2. Малдарга берилүүчү ветеринардык справка бодо малга-20(жыйырма) сом, майда жандыкка-5 (беш) сом болуп бекитилсин.
3. Жогорудагы акча каражаттары мал ээлеринен алынсын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ветеринар башкы адиси Ж.Мурсакматовго тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага |
К.Асаналиев |