Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майы № 7/2
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы, жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айылында жазгы айдап-себүү, оруп-жыйноо баалары 2017-жылга карата төмөндөгүдөй бааланып бекитилсин, 1(бир) гектар жерге карата:
- Аӊыз жерди айдоо: 700 сом. 25 литр солярка,
- Дыӊ жерди айдоо: 950 сом. 30 литр солярка,
- Тырмоо: 350 сом. 10 литр солярка,
- Сеялка: 300 сом. 10 литр солярка,
- Арык тартуу: 150 сом. 5 литр солярка,
- Ешка: 1000 сом. 10 литр солярка,
- Косилка: 700 сом. 10 литр солярка,
- Бир боо пресс чөп 7 сом. 10 литр солярка,
- Комбайн: 1500 сом. 25 литр солярка
-Жогорудагылар боюнча тракторист-механизаторлор менен келишимдер түзүлсүн.
2. Бирдик айылында жазгы айдап-себүү, оруп-жыйноо баалары 2017-жылга карата төмөндөгүдөй бааланып бекитилсин, 1 (бир) гектар жерге карата:
- Аӊыз жерди айдоо: 800 сом. 25 литр солярка,
- Дыӊ жерди айдоо: 1000 сом. 30 литр солярка,
- Тырмоо: 550 сом. 10 литр солярка,
- Сеялка: 500 сом. 7 литр солярка,
- Арык тартуу: 150 сом. 3 литр солярка,
- Ешка: 1000 сом. 10 литр солярка,
- Косилка: 600 сом. 10 литр солярка,
- Бир боо пресс чөп 7 сом. 10 литр солярка,
- Комбайн: 1500 сом. 25 литр солярка
-Жогорудагылар боюнча тракторист-механизаторлор менен келишимдер түзүлсүн.
3. Ак-Моюн, Бирдик айылдарында 2017-жылга карата малчылардын мал жандыктарын багуу баалары, жайыт акылардын баалары жана корукчулардын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин:
· Мал баккан малчыларды ички жайытка кочуруу 1майдан 5майга чейин. Алыскы жана ортонку жайытка кочуусу 20- июндан калбай кочурулсун.
· Баданы уюштуруу 1-майдан калбай колго алынсын. Уюштуруу жагы айыл окмоттун кызматкерлерине милдеттендирилсин. Саан уйдун арасында субай мал калтырууга жол берилбесин.
· Ички жайыттагы жана сарайдагы калган малдын саны бир ат, эки уйдан ашпасын. Ал эми чабырчыга мал кошууда тутунго 5(беш) баш майда жандыктан ашык кошулбасын.
· Ак-Моюн айылына бада уюштурулуп, бадачынын эмгек акысы, бир уйга айына 250 сомдон бааланып, бадачыга төлөнүп берилсин
· Жайкы айылдагы камакка тушкон Бодо мал туягына 100 сом, майда малдын башына 10 сом айып пул толонсун. Куноолу адамдан айып акча корукчуга толонсун.
· Ички жана алыскы жайытка корсотулгон моонотто кочпой тартип бузган учурда Бодо малдын башына кунуно 100 сомдон, майда жандыктын башына 10 сомдон айып салынып, куноолу адамдан ондурулсун.
· Мал баккан малчылар майда жандыктын туягына 30 сом, Бодо малга 200 сом, тай, бука баккандарга 250 сом толонсун, Эгерде ушул корсотулгон баадан ашык ала турган болсо, патент, соц.толомдорүн толосүн.
· Жайыт акы толомдорун малдын ээси малчыга кошоордо майда малдын туягына 10 сом, Бодо малга 45 сом, кулун музоого 32 сомдон, жалпы малдын жайыт акысын жайыт комитетине акчасын толоп, квитанциясын малчыга корсотуп кошмойунча малы алынбасын. Малчы квитанциясы жок малды кошуп алса, мал санак убагында ашык чыга турган болсо, жайыт акы малчыдан сырттан келген баада ондурулсун.
· Айыл окмоттун каттоосунда жок сырттан келген малга жайкы жайытка (жайлоого) майда малдын туягына 20сом, Бодо малга 80 сом, кулун музоого 42 сом жайыт акы толонсун. Жайыт акысы мал бакан малчыдан ондурулсун.
· Короо сарайдын жанындагы жайыт жерлерди тосуп алган учурда жайыт комитета менен бирдикте келишимдер убактылуу моонотко тузулуп, сотыхына 20сомдон толонсун. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттка пайдаланган учурда жеке жана юридикалык жактар сотыхына 100 сомдон толонсун.
· Кочкор, чабыр баккан малчыга бир кочкорго, бир текеге 50 сом, чабырга 50 сомдон баккандыгы учун алсын. Кочкор, текени мал ээси өзү алмайынча 1-октябрга чейин таратылбасын.
· Малчы 800 баштан ашык майда мал баккан учурда ашык малга патент толотуп алынсын.
· Жайкысын Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын малчылары, башка жака жайлаган учурда (токой чарба, башка аймакка) жайыт акынын 50 %ти Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетине толосун.
· 2017-жылдын 5-октябрынан кийин алыскы, ортонку жайыттан, мал баккан малчылар кочуп келсин. Эгерде эрте кочуп келген малчылар болсо 5-октябрга чейин бодо малга 100 сом майда малга кунуно 10 сом мал башына айып толонүп, оруп жыюу бүткөн убакытка чейин Гүлдөй-Бер аймагына отургузулсун.
· Кыштоодон 15-майдан кечикпей жаздоого кочурулсун. Эгерде корсотулгон мооноттон кочпосо бодо малга 100 сом, майда малга 10 сомдон кунуно айып толонсун. Кайра кыштоого 1-ноябрдан кийин кочурулсун.
· Ак-Моюн айылына ички корукчуга Бектемиров Максатбек жана Кадыралиев Кубатбек дайындалсын.
· Бирдик айылына ички корукчуга Кариев Курманбек жана Элчибеков Эмилбектер дайындалсын.
· Жогорудагы корсотулгон шарттар айылдык кенештин сессиясында бекитилип, областык юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүлсүн.
· Жогорудагылар боюнча малчылар менен келишимдер түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага |
К. Асаналиев |