Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майы № 7/3
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы, жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн, Бирдик айылынын тургундарына жайыт акыларды 2017-жылдын 10-июнуна чейин төкпөгөндөргө бардык справкалардын түрлөрү берилбесин жана таза суу үчүн салыкты үч айдан ашык төкпөгөндөргө бардык справкалардын түрлөрү берилбесин.
2. Ак-Моюн айыл аймагына АРИС аркылуу келген МТЗ-82 тракторунун иштөө тартиби төмөндөгүдөй бекитилсин: Бир метр жерди көмүп, түздөгөнгө 200 сомдон, шагыл, топурак, таштанды, кык жүктөгөнгө 250 сомдон, бир метр жерди казып түздөгөнгө 200 сомдон бекитилсин. Графиги: Ак-Моюн айылына 1-2-3-күндөрү, Бирдик айылына 4-5-күндөрү жумуш аткарсын.
3. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Т.Макешов тарабынан 2017-жылга карата бүгүнкү күнгө чейинки сессияда каралган акча каражаттары убагында порталга жарыяланып, которуу жумуштары мөөнөтүнөн кечиктирилбестен аткарууга алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага |
К.Асаналиев |