Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майы № 7/5
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы, жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айылына ПРООН аркылуу келген жаңы трансформаторлорду коюп берүү үчүн, Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасына 80миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Моюн айылындагы А.Койчуманов орто мектебине жаңы счетчик койдурууга 3800сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ак-Моюн, Бирдик айылдарындагы фельдшердик-акушердик пунктардын электр энергиясын коштурууга 7000 (жети миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бирдик айылындагы жаңы салынып жаткан ФАПтын имаратына документтерин бүткөрүү үчүн 30000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Бирдик айылындагы жаңы салынып жаткан ФАПтын АПУсуна 4500 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6. Бирдик айылындагы жаңы салынып жаткан ФАПтын имаратына жаңы счетчик койдурууга 1700 (бир миң жети жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
7. Ак-Моюн айыл аймагындагы “Бирлик-Таазими” жана “Тамчы-Булак” бала бакчаларына ата-энелерден чогулган 30000 (отуз миң) сом акча каражаты, атайын каражаттан суралсын. Бардыгы: 157000 (бир жүз элүү жети миң) сом бөлүнсүн.
8. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн болжолдуу прогноз проектиси 2018-жылга жергиликтүү бюджеттен 6960,0 сом болуп бекитилсин.
9. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн болжолдуу прогноз проектиси 2019-жылга жергиликтүү бюджеттен 7139,7 сом болуп бекитилсин.
10. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн болжолдуу прогноз проектиси 2020-жылга жергиликтүү бюджеттен 7670,8 сом болуп бекитилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж. Кайыповго тапшырылсын.
Төрага |
К.Асаналиев |