Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 9/1
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы, жогорудагыларды угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын төмөндөгү мекеме жетекчилери: Ак-Моюн айылдык китепканачысы Эсенгул кызы Жаннаттын, Ак-Моюн айылындагы ФАПтын башчысы Г.Мустапаеванын Бирдик айылындагы ФАПтын башчысы Ж.Сыдыбаеванын, А.Койчуманов атындагы орто мектептин директору Э.Кадырованын, С.Мурзакматов атындагы орто мектептин директору А.Исаевдин, «Тамчы-Булак» балдар бакчасынын директору Г.Тойтукееванын, «Бирлик-Таазими» балдар бакчасынын директору М.Мөндүрбаеванын, Бирдик айылындагы айылдык клубдун башчысы Э.Жанаковдун, Ак-Моюн айылдык клубдун башчысы Ж.Аалиевдин, «Бирлик-Булак» ИСКАКБнын башчысы Т.Бегалиевдин жана Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Осмонбековдордун 2016-жылда жана 2017-жылдын 6 айында аткарган жумуштары канааттандыраарлык деп баалансын.
2. «Шекер-Мүрөгү» ИСКАКБнын башчысы Т.Жумакадыровдун Ак-Моюн айылындагы таза сууга төлөнүүчү 5% төлөмдү убагында чогултпай кайдыгер мамиле жасап келгендиги эске алынып, 2017-жылдын сентябрь айына чейин элдеги таза сууга болгон мурунку жылдардагы карыздарды толук өндүрүп, төгүп кутулуу тапшырмасы берилсин.
3. «Шекер-Мүрөгү» ИСКАКБ таза суусуна болгон карыз акчаларын тактап чыгуу, өндүрүү максатында, Ак-Моюн айылындагы элдин санын чарба китеп боюнча тактоо үчүн, төмөндөгү комиссия курамы түзүлсүн:
- Комиссиянын төрагасы Мусабек Манаев,
- Комиссиянын мүчөлөрү Т. Мурзалиев, К.Асаналиев, К.Үмөталиев, Т. Макешовдор бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Кайыповго тапшырылсын.
Төрага |
К.Асаналиев |