Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-октябры №10/1
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы, жогорудагыларды угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата айдалып-себилген 316га арпа аянтынан, 105га аянты чөпкө чабылгандыгы белгиленсин.
2. Дан эгиндеринин жалпы аянтынан чөпкө чабылган 105га жер аянтын статистикалык отчеттон чыгаруу жагы Ат-Башы райондук стат бөлүмүнөн суралсын. (Комиссиянын актысы тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн статистика, жер жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж.Шериповго милдеттендирилсин.
Төрага |
К. Асаналиев |
АКТ
“ 20 ” октябрь 2017-жыл | Ак-Моюн айылы |
Биз төмөндө кол коюп акт жазуучулар; чөпкө чабылган арпа аянттарын аныктоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү:
Ж.Шерипов- Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн статистика, жер жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын төрагасы, Бирдик айылынын айыл башчысы, Б.Шарше уулу комиссиянын мүчөсү, Б.Түмөнбаев- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү, У.Шеримбаев- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү, Т.Байматова- айыл өкмөттүн салык жыйымдары боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын мүчөсү.
Себеби; быйыл 2017-жылы айыл өкмөтү боюнча 316га арпа аянты айдалып-себилген. Ошондой эле кээ бир малы арбын дыйкан чарбаларда кышка карата тоюттун көлөмү аз болгондуктан жана кээ бир дыйкан фермерлердин айдалган дан эгининин бышпай калуу коркунучу болгондуктан айдалган арпа аянтынын 105 га аянтын чөпкө чаап, калган бөлүгүн дан эгинге калтырылган.
Жогоруда түзүлгөн комиссия жеринде карап көрүп 316 га арпа аянтынан 105га аянты чөпкө чабылгандыгын аныктаган. Калган 211га аянты дан эгинге калтырылган.
Комиссия жогорудагы чөпкө чабылган 105га арпа аянтын дан эгиндеринин эсебинен жана статистикалык отчеттон чыгарып берүү жагын айылдык Кеңештин сессиясынан сурайт.
Акт түзүүчүлөр: Ж. Шерипов
Б. Түмөнбаев
У. Шеримбаев
Т. Байматова
Б. Шарше уулу