Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июлу № 10/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин эски имаратын территориясы менен бала бакчага өткөрүп берүү жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Э.Мурзаев атындагы орто мектебинин окуу корпусунун жанына жаңы кошумча 225 орундуу окуу корпусу курулгандыктан, мурунку эски имаратын территориясы менен Кабылан-Көл балдар бакчасына өткөрүп берүү максатында Кабылан-Көл айылдык кеңешинин заседаниесы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Э.Мурзаев атындагы орто мектебинин эски имараты жана ага тиешелүү 16836,0 чарчы метр жер аянты Кабылан-Көл балдар бакчасына өткөрүлүп берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышы жер адиси С.Сактановго жана айыл өкмөт башчысы Т.Камиловго тапшырылсын.
3. Көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Кадыркулов |