Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин II сессиясы (VII чакырылыш)
2017-жылдын 30-январы №3
Ак-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылга карата иш планы боюнча мыйзамдуулук жана укук тартиби туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга Ак-Суу айылдык Кеңешинин иш планын бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
4. Бул токтомду бекитип берүү жагы айылдык кеӊештин сессиясынан суралсын.
Төрага |
Т. Эшалиев |