Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин III сессиясы (VII чакырылыш)
2017-жылдын 15-февралы №1
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы аткарган жумуштарынын отчёту, 2017-жылга аткарыла турган иш аракетинин планын бекитүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы аткарган жумуштарынын отчёту “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылга аткарыла турган иш аракетинин планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |