Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы №2/1
Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча жер салыгынын базалык ставкалары, коэффициенттерин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337, 339 беренелерине ылайык туруктуу комиссиянын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга дыйкан чарба жана ФПЗнын жерлери боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкалары, коэффициенттерин Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 337, 339 беренелерине ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Эшалиев |
Бекитилди:
Ак-Суу айылдык кенешинин
15.02.2017-жыл.
№ 2-1 токтому менен тиркеме
Ак-Суу айыл ѳкмѳтү боюнча 2017-жылга юридикалык жер салыгынын эсеби
Дыйкан чарбалар боюнча.
Суулуу жер 32*31824=1018368
Кайракы жер 863*6897=5952111
Чѳп чабынды жер 523*1664=870272
Бардыгы: 7840751
ФПЗ боюнча.
Кайракы жер 28*6897=193116
Чѳп чабынды жер 151*1664=251264
Бак 5*20072=100360
Бардыгы: 544740
Жалпысы.
Суулуу жер 32*31824=1018368
Кайракы жер 891*6897=6145227
Чѳп чабынды жер 674*1664=1121536
Бак 5*20072=100360
Жыйынтыгы: 8385491
Ак-Суу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы: У. Качыбеков
Ак-Суу айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы: А. Кожобеков
Ак-Суу айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси: А. Алымкулов
Ак-Суу айыл ѳкмѳтүнүн салык инспектору: Ч. Жуманазаров