Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы №2/2
“Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыктары жөнүндө” туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгы боюнча пенсионерлерге, майыптарга жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 15(он беш) сотыхтан ашкан жерлерине салык төлөнсүн.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге коэффициент бекитилип берилсин .
-Ак-Суу айыл өкмөтүнүн борбору-1,0
-Мазар, Коргон-Дөбө, Ак-Сай, Төө-Басты айылдары -1,0
-Кен байлыктарды казуу багытындагы мекеме уюмдарга -1,0.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Чойбековага жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д. Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Эшалиев |