Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы №3
«Ак-Суу жайыт комитетинин 2016-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө» туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу жайыт комитетинин 2016-жылдагы аткарган иштери «канаттандырарлык» деп табылсын.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |