Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 3/1
«Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ветеринардык кызмат көрсөтүү жөнүндө» Ак-Суу айыл өкмөтүнүн вет адиси К.Смаиловдун билдирүүсүн угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ветеринардык кызмат көрсөтүү үчүн төмөнкү кызмат акылары бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Ак-Суу айыл аймагындагы 3 жаштан жогорку бодо малдарды идентификациядан өткөрүүдө, мал ээсинен ветеринардык адистин кызмат акысы жана кулакка тагуучу бирканын келген баасынын наркы 37 сом 76 тыйынды кошуп, бардыгы 70 сомдон төлөө жагы белгиленсин.
3. Ветеринардык кызматтарды аткаруу жагы вет адис К.Смаиловдун, Ак-Суу вет сервистин башчысы А.Сартаевден жана У.Эпеевден суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеӊешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго. милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |
Ак-Суу айылдык кеңешинин
15.02.2017-жылдагы
№ 3/1 токтомуна
№ 1 Тиркеме
Ветеринардык кызмат көрсөтүү үчүн төлөнүүчү кызмат акылар
№ | Оорунун түрү
| Катталганы | |||
Жылкы | КРС | МРС | Ит | ||
1 | Сибирь жарасы | 30 | 30 | 10 | 30 |
2 | Шарп | - | 30 | 10 | - |
3 | Кара сан | - | 30 | 10 | - |
4 | Чечек | - | - | 10 | - |
5 | Пастереллез | - | 30 | 10 | 30 |
6 | Кутурма | 30 | 30 | 10 | 100 |
|
|
|
|
|
|
Төрага | Т. Эшалиев |