Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-марты № 1
Ак-Суу айылдык кеңешинин Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына, жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү). Кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берүү акылары, сууга болгон төлөм акыларына белгиленген сунуштар боюнча жер адиси А. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардан малды көчүрүү акыркы мөөнөтү төмөндөгүдөй белгиленсин:
а) Калктуу конуштардан малды көчүрүү 10-апрелден 15-апрелге чейин аткарылсын (жаратылыш шарты эске алынсын)
б) Эгин талааларына жакын жайгашкан короо сарайы бар атуулдар 5-апрелден 15-апрель аралыгында көчүрүлсүн (жаратылыш шарты эске алынсын)
2. Алыскы жайлоого көчүү мөөнөтү 25-майдан 15-июнга чейин (жаратылыш шартын эске алуу менен белгиленсин)
а) Бардык малдын түрү ветеринардын эмдөөдөн өтсүн.
б) Тиешелүү ветеринардын документтер менен камсыз болсун.
в) Кайра көчүп келүү 28-августка белгиленсин.
(Эрте көчүп келген атуулдарга аксакалдар сотунун чечиминин негизинде штрафттар төлөнсүн)
3. Ак-Суу айылынын калкы жашаган конуштарда 1 баш саан уй жана 1 баш менчик атка уруксат берилсин. (аркандалсын, кайтарылсын)
4. Ар айда кезүүгө 50 уйга 2 кунандан жашы өйдө букага уруксат берилсин.
5. Бадачы бадага малды кайсыл жерден алса, күзүндө ошол жерден таркатылсын, айылга кирбесин.
6. Бада алган атуулдун малы, кой, эчкиси 300 баштан ашса, уйу 10 баштан ашса, жылкысы 1 үйүр болсо алыскы чон жайлоого көчүрүлсүн.
7. Бада алган жана берген адамдар үчүн акысы өз ара келишим баада алынсын. (келишимде малдын башын жоготсо, өлтүрсө төлөп берүү койго-кой, козуга-козу болуп бекитилсин)
8. Бада алган атуул мал кошкон малдын ээсинен малды эмдетүү боюнча ветеринардык абалын кагаз жүзүндө атуулдан талап кылынсын.
9. Ак-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарына эгин, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирген зыяны атайын уюштурулган камакканага камалып келтирилген зыян эсептелинип төлөнүп берилсин.
Айып акы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
1-иретте бир баш кара малга, жылкыга 200с, жандык 100 с, эшек 300с
Эскертүү: айып акы катталбаган малга 2 эседен жогору бекитилсин.
10. Төлөнгөн айып акынын 40% айдап келген кароолго, 40 % кароол кананы кайтарган адамга, 20% кароол кананы ондоп түзөө иштери үчүн жумшалсын.
11. Талаачылыктагы буудай, май өсүмдүктөрү, чөп чабынды көп жылдык чөпкө кайтарууга накталай акча түтүнгө 400 сом менен же андан ашпаган келишим баада бекитилсин.
12. Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү жер айдоо, чөп чабуу акылары трактористер менен келишим баада бекитилсин. Көзөмөлдөө жагы жер адиске милдеттендирилсин. (күйүүчү майга болгон баа эске алынсын)
13. Айыл өкмөтүнүн АКФнын жерлери үчүн ижара акыларын Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жана аукцион менен берилсин.
14. Суу мурап акысы суу прайдалануучулар менен суу мурабдын ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлсүн айына 100 сомдон.
15. Сууну туура эмес өз кезегин бузуп, буруп алгандар үчүн жолго суу каптаткан атуулдар үчүн аксакалдар сотунун чечиминин негизинде чаралар көрүлсүн.
16. Суу түтүктөрүнөн суу пайдаланган атуулдарга айына түтүнгө 20 сомдон акы төлөө белгиленсин. Ар бир суу түтүккө жооптуу адам дайындоо айыл башчыларга жүктөлсүн.
17. Айыл аймагындагы калктуу конуштарда санитардык-гигиеналык абалды сактабаган атуулдарга эскертүү берүу менен санэпидстанцияга көзөмөл жүргүзүү жагы билдирилсин.
18. Ветеринардык кызмат көрсөтүү, ветеринардын эреженин негизинде малдарды эмдөө жана депортаменттин белгиленген кызмат көрсөтүү акылары менен эмдөө жүргүзүү вет адистерге милдеттендирилсин.
а)Ветеринардык эмдөөлөрдү өздөрү аткарган атуулдарга аксакалдар сотунун чечиминин негизинде айып салынсын.
19. Жол жээгиндеги электр зымдарына тийген бак-дарактын шактарын кыркууну эскертүү Ак-Суу электр тармактар ишканасына жүктөлсүн. Электр энергиясы боюнча бак шактарды кыркуу ар бир абонентине жүктөлсүн. Эгерде тартип бузуучу болсо электр тармактар ишканасынын инструкциясынын негизинде чара көрүлсүн.
20. Айыл арасында жолго жакын шактарды чөп ташууга жана башка транспорт жүрүүсүнө жолтоо болбоосу үчүн шактарды үй ээлерине кырктыруу ошол айылдын айыл башчысына жүктөлсүн
21. Айыл аймагындагы калктын малын көчүрүү, жайгаштыруу жайытты сактоо (жазгы, жайкы, күзгү, кышкы) жайыттарды желгилөө жана жайыт билеттери менен чыгаруу ЖП бирикмесине милдеттендирилсин.
22. Адам, мал, транспорт жүрүүчү жолдорду өз алдынча короолоп алган атуулдарга аксакалдар сотунун чечиминин негизинде чаралар көрүлсүн.
23. Айыл ичиндеги мусорлорду ташып чыгарууга, таштоого мыйзам чегинде жер ажыратуу жагы каралсын. (жер адисине жүктөлсүн)
24. Токтомдун аткарылышын Айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго, вет адис К. Смаиловго, айыл башчылары: Д. Шакыевге, Н. Смаиловго, О. Эшкаравге, С. Үрүсбаевге Ж.Кнын төрагасы Н.Момукуловго милдеттендирилсин.
25. Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу уч. Инспектор С. Ташматовго милдеттендирилсин.
26. Токтомдун аткарылышын жалпы көзөмөлдөө айылдык кенештин агрардык туруктуу комисииясынын төрагасы Н.Акматовго жана анын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
27. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
28. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
29. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловко милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Эшалиев |