Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-марты №1/1
Ак-Суу айыл аймагындагы АКФнын жана үлүшкө бөлүнгөн жер аянтынан башка Ак-Сай айылындагы Шүкүр-Ата, Жол-Колот, Арал-Секи, Тоо-Басты айылынан Таш-Жар, ошондой эле Коргон-Дөбө айылындагы үлүшкө бөлүнбөгөн жерлерди кайра жайытка калтыруу жөнүндө айылдык кеңештин депутаты К.Чоконбаев, Д.Шадыканов жана Т.Добулбековдун сунушун угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын АКФнын жана үлүшкө бөлүнгөн жерлеринен башка Шүкүр-Ата, Арал-Секи, Таш-Жар жана Коргон-Дөбө айылындагы айылга чектеш жайыт жерлер кайрадан кезүүдөгү малдарды кайтарууга жана мал үчүн аркандап пайдалануу үчүн калтырылсын, (кезүүдөгү мал үчүн) аткаруу жагы жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Эшалиев |