Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-марты №2
«Ак-Суу жайыт комитетинин 2017-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө» ЖПБ төрагасы Н. Момукуловдун билдирүүсүн угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетинин кирешелери 443000 сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүктөрү 443000 сом өлчөмүндө бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Ак-Суу жайыт комитетинин жайыттарды башкаруу жана пайдаланууну бир жылдык планы бекитилсин.
3. Ак-Суу жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетинде көрсөтүлгөн 3 штаттык бирдик жана эмгек акыларынын өлчөмдөрү бекитилсин.
4. Ак-Суу жайыт комитетинде кызматтык машина жок болгондуктан жеке менчик автоунаага күйүүчү май жана тетиктер менен жайыт комитетинин бюджетинен камсыздалып пайдалануу жагы бекитилсин.
5. Мал жандыктардын жугуштуу ыланын алдын алуу максатында айыл өкмөтүнүн аймагындагы жана сырттан келген мал жандыктарды алыскы жана жакынкы жайыттарга көчүп өтүү мезгилинде вет кызматкерлери, жайыт комитетинин кызматкерлери менен көзөмөлдөө үчүн Көк-Кыя участогуна пост уюштурулсун.
6. Көк-Кыя участогуна пост куруу үчүн жана мал жандык токтоочу аянт үчүн жер участогу бөлүнүп берилсин.
7. Бөлүнгөн жер участогун көрсөтүп берүу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго суралсын.
8. Посту куруу жана уюштуруу иштери Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасы Н.Момукулов жана айыл өкмөтүнүн мал чарба адиси К. Смаиловго жүктөлсүн.
9. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
10. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
11. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Эшалиев |
Бекитилди:
Ак-Суу айылдык Кеңешинин
29.03.2017-жыл.
№ 2 токтомуна тиркеме № 1
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу ЖПБнын 2017-жылга бюджетинин эсеби
№ | Кирешелердин |
|
| Сумма |
|
| статьялары |
|
| сом | тыйын |
1 | 2017-жылга жайыт төлөмү |
|
| 350 000 | 00 |
2 | сырттан келип жайыт пайдалануучулардан |
|
| 30 000 | 00 |
3 | 2016-жылдан калган жайыт төлөмү |
|
| 63 000 | 00 |
| Бардыгы | - | - | 443 000 | 00 |
| Чыгашалардын статьялары |
|
|
|
|
1 | Жайыттардын инфраструктурасы |
|
| 72 000 | 00 |
2 | Долбоордун 5 % |
|
| 50 000 | 00 |
3 | Жайлоо Бала-Бакчага |
|
| 00 | 00 |
| Бардыгы |
|
| 122 000 | 00 |
1 | Айлык акы апарат жайыт комитети |
|
| 192 000 | 00 |
2 | Сапар чыгымы |
|
| 30000 | 00 |
3 | Транспорт чыгымына |
|
| 36000 | 00 |
4 | Ар түрдүү чыгым |
|
| 15000 | 00 |
5 | Жер налогу |
|
| 48000 | 00 |
| Жалпы чыгымы |
|
| 443 000 | 00 |
Төрага | Т. Эшалиев |