Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июлу № 12/1
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнундө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнундөгү 2016-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер- министри М.Д. Абулгазиевдин жетекчилигинде өткөн кеңешмесинин протоколдук тапшырмасынын негизинде Мыйзамдын талабына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талабына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Алай райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн түзгөн келишими бекитилсин.
2. Келишимде белгиленгендей айыл өкмөтүндө статистика маселеси максатка ылайыктуулугун жана негиздүүлүгүнөн Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык статистика маселесин аткарып жаткан адиске жетектөөчу адистин маянасы төлөнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловго жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Кадыркулов |