Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-марты №2/1
«Ак-Суу ЖПБнин жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөлөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө» Ак-Суу ЖПБнын төрагасы Н.Момукуловдун билдирүүсүн угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу жайыт комитетинин 2017-жылга жайыт жерлерин пайдаланган атуулдарга төмөнкү тартипте мал жандыктардын башын карап, акы алуусу бекитилсин. 1 баш кара мал, жылкы, эшек үчүн 1 жылга 65 сом (1 коэффициент), 1жаш кара мал үчүн 1 жылга 45 сом ( 0,7 коэффициент), 1 баш кой, эчки үчүн 1 жылга 13 сом ( 0,2 коэффициент).
2. Башка айыл аймактарынын, шаарлардын, райондордун атуулдары мал жандыктарын Ак-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жерлеринен пайдалангандыгы үчүн жогорудагы белгиленген коэффициент бир жарым эсеге жогорулатылып өндүрүлсүн.
3. Жайыт комитетине 2017-жылга 3 штаттык бирдик бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго. милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Эшалиев |