Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-марты №3
Ак-Суу айыл аймагындагы “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 9 беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык ЖЧК “Нур-Сай Групп” ишканасынын жазган арызы боюнча туруктуу комиссиясын угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык ЖЧК “Нур-Сай Групп” ишканасына убактылуу пайдаланууга “Кароосай” участкасынан 14,0 га жер аянты бекитилип берилсин.
2. Бекитилип берилген жер аянтын трансформациялоо Аксы районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Коомдук угуулар өткөрүлсүн, Ак-Суу айыл өкмөтү менен жердин ижара келишими жана соц.пакет бекитилсин.
4. Жана башка мыйзам ченемдүү иш-чаралар аткарылсын.
5. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
6. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
7. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У. Качыбековго милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Эшалиев |