Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-марты №4
Ак-Суу маданият үйүнүн өзүн-өзү тейлөө кызматы жөнүндө маданият үйүнүн жетекчиси У. Наркулованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл арасында өткөрүлгөн иш-чаралар жана сырттан келген кино, концерттердин билеттери кассага эсептелип өткөрүлүп берилсин.
2. Айыл арасында өткөрүлүүчү иш-чаралардан түшкөн акча каражатынын 10 %, сырттан келген кино, концерттерден түшкөн акча каражатынын 18 % айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилсин, аткаруу маданият үйүнүн башчылары У. Наркулова, А. Мырзалиеваларга милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилген акча каражаттары Ак-Суу маданият үйүнүн электр энергиясына жана башка кызмат көрсөтүүлөрү үчүн жумшалсын.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Чойбековага жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеӊешинин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго. милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Эшалиев |