ТоктомКүчүндө

Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 14/1 «Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция30.09.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XIV заседаниясы

 

2016-жылдын 30-сентябры № 14/1

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө өзгортүү киргизүү максатында Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XIV заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн төмөндөгү салыктардын төлөмдөрдүн түрүнөн такталган планга өзгөртүү киргизилсин:

 

№

Беренелердин аталышы

Берене

Бардыгы

III - кварталга

Көбөйтүү

Азайтуу

1

Салык агенти төлөөчү киреше салыгы

11111100

10,0

 

10,0

 

Бардыгы:

 

10,0

 

10,0

 

2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн төмөнкү беренелеринен III-квартал менен жылдырылсын.

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

Берене

Бардыгы

III-кварталга

Көбөйтүү

Азайтуу

709

Ср.школа

Таш көмүр сатып алуу

22241100

10,0

 

10,0

 

3. Жогорудагы акча каражатын 2016-жылдын III-кварталына бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.

4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын ФЭБ башчысы Н. Сагынбаевге милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Т. Камиловго милдеттендирилсин.

 

Кабылан-Көл айылдык

кеңешинин төрагасы

 

У. Кадыркулов