Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V сессиясы (VII чакырылыш)
2017-жылдын 17-июлу №4/1
Ак-Суу айылынын тургуну Култаев Мундусбектин үй-бүлөсүнүн атынан жер участогу боюнча жазылган арызды жооптуу катчы Т.Чойбекова тааныштырды. Арызда аялы Чынтаева Асылбү эки буттан варикоз менен операция болгондугу, уулу Мундусбек уулу Кубанычбек “кант диабети” менен учетто тургандыгын, 2002-жылдан бери Култаев Мундусбек көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн ижарага алып, азыркы мезгилге чейин көрктөндүрүп жаткандыктан уулу Мундусбек уулу Кубатбек нике жана үй-бүлө мыйзамына ылайык өзүнчө үй-бүлө болгондугуна байланыштуу Мундусбек уулу Кубатбекттин турак-жай салуу үчүн жазган арызын сессияга катышкан 16 айылдык кеӊештин депутаттарынын макулдугу менен Ак-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылынын тургуну Култаев Мундусбектин аялы Чынтаева Асылбү, Мундусбек уулу Кубанычтын ден соолугун карап туруу үчүн уулу Мундусбек уулу Кубатбектин карап туруу муктаждыгын эске алуу менен Мундусбек уулу Кубатбекке турак-жай салуу үчүн жер участогу бекитилип берилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Эшалиев |