Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V сессиясы (VII чакырылыш)
2017-жылдын 17-июлу №4/3
Ак-Суу айылынын тургуну Нарбаев Израилдин жазган арызын айылдык кенештин депутаттары, талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылынын тургуну жер үлүшү боюнча Нарбаев Израилдин жазган арызы “Аскар” дыйкан чарбасынын жетекчисине билдирилсин.
2. Ак-Суу айылынын тургуну жер үлүшү боюнча Нарбаев Израилдин жазган арызын көзөмөлгө алуу менен чечип берүү жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Эшалиев |