Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V сессиясы (VII чакырылыш)
2017-жылдын 17-июлу №5
ЖЧК «НК Ресурс» ишканасынын кайрылган арызын карап чыгып ЖЧК «НК Ресурс» ишканасына берилген №5223 СЕ лицензиянын негизинде «Карагундысай № 4» Северный площадь участкасынан убактылуу жер казынасын пайдалануу жумуштарына 20,81 га жер бөлүп берүү жөнүндө айылдык кеӊештин депутаттары, талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖЧК “НК Ресурс” ишканасына №5223 СЕ лицензиясына негиз «Карагундысай № 4» Северный площадь участкасынан убактылуу жер казынасын пайдалануу жумуштарына 20,81 га жер аянтына уруксат берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер аянтына тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Аксы райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде салык жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөө ЖЧК “НК Ресурс” ишканасынын жетекчиси К.А.Алакушевге милдеттендирилсин.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
5. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н. Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Эшалиев |