Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V сессиясы (VII чакырылыш)
2017-жылдын 17-июлу №7
Ак-Суу айыл аймагынын тургуну Өмүралиева Токтокан Анарбаевнага чет өлкөдө иштеп жана жашап жаткан мигранттарга көрсөткөн чоң жардамы үчүн Ак-Суу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө айылдык кеңештин төрагасы Т.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын тургуну Өмүралиева Токтокан Анарбаевнага чет өлкөдө иштеп жана жашап жаткан мигранттарга көрсөткөн чоң жардамы үчүн Ак-Суу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
Төрага |
Т. Эшалиев |