ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 7-августу №26
Чоң-Кара айылынын тургуну Эназаров Эржигитке турак-жай салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 2017-жылдын 07-июнундагы №01-12/346 жана Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын 2017-жылдын 16-майындагы №01-7/233 аныктамасынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32-беренесинин 1-пунктунун, 72-беренесинин 2-пунктуна ылайык Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылынын тургуну Эназаров Эржигит Койчубаевичке Чоң-Кара айылынын тундук чыгыш тарабынан 0,12 га жер аянты жеке менчикке берүүго макулдук берилсин.
2. Керектүү документтерин даярдап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо жана райондук архитектар жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевге жүктөлсүн.
Төрага |
М. Соорбаев |