Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 7-августу №27
Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 01-7/303 аныктамасынын негизинде Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылындагы эски чопкананын чыгыш тарабындагы курулуш астындагы жер аянтына кантора куруу максатында депутаттар арасында кеңири талкуу журуп Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Кара айылындагы эски чопкананын чыгыш тарабындагы курулуш астындагы жер аянтына административдик кантора куруу үчүн 0,25 га жер аянтын бөлүп берүүго уруксат берилсин.
2. Керектүү документтерди даярдап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана райондук архитектура, шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы И.Эралиевге жүктѳлсүн.
Төрага |
М. Соорбаев |