Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-апрели № 31/1
Корул айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери боюнча жылдык отчетуна баа берүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 20-беренсинин 7-16-17-пункттарына ылайык, айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкердин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып,талкуулап Корул айылдык Кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери канаааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Калкты социалдык жактан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу, камкордуксуз балдарга, улгайган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жагы айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери К.Жапаровага милдеттендирилсин.
3. Жарандардын жалпыга бирдей милдеттүү аскердик жана альтернативдик кызматтары жөнүндө мыйзамынын негизинде райондук чакырууга жарандарды өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу жагы ВУС кызматкерлери А.Маматовго, Муса уулу Таалайбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жамааттар жана Граждандык коом менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Маматумаровго тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |
| Корул айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери боюнча жылдык отчетуна баа берүү боюнча
Жамааттар жана Граждандык коом менен иштөө жана эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Маматумаров Жумаалынын
|
Корул айыл өкмөтүндө калкты социалдык жактан коргоо боюнча бир катар иштер аткарылды. 2015-жылдын декабрь айына карата жалпы кожолуктун саны -1782, калкы -7205 болсо, жакырчылктын денгээли 938 үй-бүлөөгө же 52,6%ды түзөт. Тактап айтканда, тылдын катышуучулары -14, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жок, жалгыз бой карыялар-7, ооган согушунун катышуучулары- 2, аскер майыптары -2, I топтогу майыптар-27, I топтогу майыптар – 79, III топтогу майыптар -30, 18 жашка чейинки майып балдар – 19, жарым жетим калган балдар-67, тоголок жетим калган балдар – 6, күбөлүгү жок балдар – 2, жалгыз бой энелер – 58, баатыр энелер- 124, көп балалуу үй-бүлөөлөр – 53, 80 жаштан 90жашка чейинкилер – 77, 90 жаштан 100жашка чейинки – 6, 100жаштан жогорку -1 болуп каттоодо турушат.
Корул айыл өкмөтүндө «Балдар жана үй-бүлөөнү коргоо» боюнча иш аракеттер көрүлүп, балдардын укуктарын коргоодо, үй-бүлөөлүк баалуулуктарды сактоодо калк арасында кеңири маалыматтар берилип келет. Ар бир мектептерде, ФАПтарда ички жана тышкы миграцияда жүргөн жарандардын балдары такталып, тизмелери түзүлгөн. Алардын мектепке катышуусу, турмушундагы өзгөрүүлөрү социалдык педагогдор тарабынан көзөмөлдөнөт. Ал эми документи жок, социалдык жардамга муктаж балдар айыл өкмөтүнүн көзөмөлүндө туруп, бир топ жардамдар берилип келүүдө. Мигранаттардын балдарын тактоодо айыл өкмөтү боюнча 325 бала, толук эмес үй-бүлөөлөрдүн балдары – 80 бала, чон эне, чон атасы, таэне, таятасынын колунда тарбияланууда.
«15-февраль авганецтердин күнүнө» карата айыл өкмөтүндө буйрук чыгып, ага карата иш чаралар түзүлгөн. Иш чаранын негизинде Корул айыл өкмөтүндөгү афган согушунун 4катышуучусу райондук салтанатка катышып, ар бирине айыл өкмөтү тарабынан 2000сомдон акчалай белектер берилди.
8-март аялдарын эл аралык күнүнө карата Корул айыл өкмөтүндө буйрук чыгып, ага карата иш чаралар түзүлгөн. Иш чаранын негизинде айыл өкмөтүндөгү салтанатка 2013-2014-жылы «Баатыр эне» ордени жана «Эне данкы» медалы мамлекеттик сыйлыктарды алган 40 эне чакырылып, аларга атайын уюштурулган концерттик программалар тартууланып, белектер жана сый тамактар берилди. Салтанатка жалпы 14000сомдук акча каражаты сарпталды. Ал эми 2013-жылы «Баатыр эне» наамын алган 17 энеге орден, «Эне данкы» наамын алган 4 энеге медалдары келип, так, даректүү таркатылды.
Айыл өкмөтү тарабынан калктын социалдык жактан коргоо боюнча даректүү жардамдарды берүүдө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Карабалаев Көчкөнбайга 5000сом, 1-Май айылынын тургуну жакыр үй-бүлөө Абылова Тургунайга ден соолугун чындоого 3000сом, Кен-Жылга айылынын 2топтогу майыбы Эркебаев Мелиске ден соолугуна байланыштуу арызынын негизинде 3000сом, Тогуз-Булак айылынын тургуну Машрапов Кочкорбайга 1000сомдук азык-түлүк пакеттери, Рахман кызы Таннурага ТБ учетто тургандыгына байланыштуу арызынын негизинде 3000сомдук, акчалай жардамдар берилди жана 1-Май айылынын тургуну Апиева Айдайга үйүнө электр учетчиги коюлду.
Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча ар бир бала өз ата-энеси менен жайлоолордо болушса, айыл өкмөтүнөн 2 балага айыл өкмөтү тарабынан жол кирелерине 600сомдон 1200сом төлөнүп, жайкы лагерге барып эс алып келишти.
Корул айыл өкмөтүндө Улуу Жеништин 70 жылдыгына карата согуш учурундагы ата-бабаларыбыздын тизмелери такталды. 1941-1945-жылдары согушка барып кайтпай калган жана дайынсыз жоголгондор -112, согушка барып жениш менен кайтып келип мекенинде каза болгондор – 69, авган согушунун катышуучулары - 8 болуп такталып, эстелик аянтчасына мрамор ташка чегилип, жазылды. Айыл өкмөтүндөгү эстелик аянтчасы жаңыланып, ремонттолуп, Жеңиш аянтчасы аталып, чоң салтанат өткөрүлдү. Салтанатка Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары М.О.Мусаев, Алай райондук каржы бөлүмүнүн башчысы З.Молдокулов, Алай райондук ардагерлер кенешинин төрагасы Ж.Момунов, «Алай таңы» гезитинин редактору Ж.Жороевалар келип катышышты. Андан сырткары айыл өкмөтүндөгү аксакалдар, тылдын катышуучулары чакырылды. Салтанатта алгач эстелик аянтчасын ачуу боюнча лента кыркылып, согушка катышкандардын урматына эскерүү сөздөрү айтылып, куран түшүрүлдү. Айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери жана мектеп окуучулары тарабынан кыскача концерттик программа тартууланды. Салтанатка катышучуларга жалпысына сый тамактар берилип, жалпы 15000 сомдук акча каражаты сарпталды.
Айыл өкмөтүндө баатыр энелер - 122, көп балалуу энелер-54, жалгыз бой энелер -58, эгиз төрөгөн энелер -26, үч эм төрөгөн энелер – 1, жаш кезинен жесир калган энелер – 48, пенсионер энелер – 401 болуп такталды. Ар бир жылда «8-март Аялдардын эл аралык күнүнө» карата, «Энелер күнүнө» карата айыл өкмөтүндө энелерди сыйлап, аларга арналган концерттик программалар тартууланып, чакырылган энелерге сый-тамактар, белектер берилип, жалпы 10000сомдук акча каражаты сарпталды.
«1-июнь балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө» карата Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасында «Балалыктын ачык асманы» аттуу кече өткөрүлүп, таланттуу бөбөктөрдүн концерттик программалары тартууланды. Балдарга айыл өкмөтү тарабынан 64 балага 5000сомдук белектер таркатылды. Ар дайым балдарга айыл өкмөтү тарабынан камкордуктар көрүлүп, көзөмөлгө алынып келет.
10-июнь Ош окуясында каза болгондорду эскерүү үчүн Корул айыл өкмөтүндө каттоодо турган маркум Сулуев Жалынбектин үй-бүлөөсүнө 3000сом, Орозбаев Курстандын үй-бүлөөсүнө 3000сомдук акчалай жардамдар берилди.
Корул айыл өкмөтүндөгү калкты социалдык жактан коргоодо даректүү жардамдар берилип келүүдө. Тактап атйканда, «Кургак учук» оорусу менен ооруган 1-Май айылынын тургуну Гүлжигит уулу Талантка 1000сом, Тогуз-Булак айылынын тургуну Садыкова Нурзилага 2000сом, Мырзалиева Айзадага 1000сом, I топтогу майыптар 1-Май айылынын тургундары Болотбек кызы Айнура менен Болотбек уулу Төлөгөнгө дары-дармектерине 500сомдон акчалай жардамдар берилди.
Ал эми жакыр үй-бүлөөлөрдүн документи жокторго көмөк көрсөтүүдө 1-Май айылынын тургуну Жолбаева Элзирага паспортуна документ тапшырууга айыл өкмөтү тарабынан 600сом берилип документ алынып берилип, 900сому кызына күбөлүк алуу үчүн сакталып турат.
Корул айыл өкмөтүндөгү «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалына документ тапшырган талапкерлердин документтери такталып, баатыр энеге 11, эне данкына 7 эненин тиешелүү документтери тапшырылды.
Август учетун түзүүдө Корул айыл өкмөтүндө 0-6 жашка чейинки балдардын саны – 1175 бала болсо, анын ичинен 60 бала балдар бакчасына барат.
7 жаштан 17 жашка чейинки балдардын саны – 1594 бала болсо, анын ичинен Корул айыл өкмөтүндөгү мектептерде 2015-2016-окуу жылына карата барган балдардын саны – 1042 болуп такталды.
«1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүн» белгилөө үчүн бир топ иш - аракеттер аткарылды. Айыл өкмөтүндө жашы 75 жаштан жогорку улгайган адамдар -244, Жашы улгайган адамдардын азыркы учурда бардыгы пенсияларын өз убагында алышат. «1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүн өткөрүү» боюнча бир айлыктын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы баш болгон уюштуруу тобунун мүчөлөрү 85 жаштан жогорку карыя аталардын, энелердин үйлөрүнөн кабар алышып, алардын майрамдары менен куттуктап, азык-түлүк пакеттерин таркатып, ал –акыбалдарды, жашоо-турмуш менен кабар алып келишти. 85 жаштан жогорку 45 карыяга азык-түлүк пакеттерин таркатуу үчүн жалпы 16000сомдук акча каражаты сарпталды.
2015-жылдын 17-ноябрь күнү катуу болгон жер титирөөдөн Корул айыл өкмөтүндөгү калк да бир топ жабыр тартты. Анын натыйжасында ар бир үйлөргө түзүлгөн штабдын курамы кабар алып, айрыкча жакыр үй-бүлөөлөргө көнүл бурулду. Ар тараптан келген гуманитардык жардамдар так жана даректүү таркатылды.
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 15-ноябрындагы №215 буйругунун негизинде «3-декабрь майыптардын Эл аралык күнүнө карата» айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы №142 буйругу чыгып, ага карата иш-чаралар түзүлгөн. Иш чаранын негизинде айыл өкмөтүндөгү бардык майыптардын тизмеси такталып, турмушунан, ден соолугунан эң оор деп эсептелинген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар такталып, аларга жер титирөөдөн келген гуманитардык жардамдар берилип, дары-дармек үчүн 60 майыпка 300сомдон акчалар жардамдар берилүү жагы белгиленди. Ал эми 1 жылдан бери ооруп жаткан Аматов Табалдыга 1000сомдук акчалай жана азык-түлүк пакеттери жана аз камсыз болгон үй бүлөөнүн катарына кирген Апиева Айдайга 1000 сом акчалай жардам катары берилет. Жалпы сарпталуучу каражат 20000сомду түзөт.
Айыл өкмөтүндөгү аз камсыз көп балалуу үй-бүлөөлөргө жөлөкпул чегерүүдө айыл өкмөтүндөгү социалдык маселелер боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан ар бир кайрылган үй-бүлөөнүн жашоо-шартын анализдөө менен жалпы 409 үй-бүлөө жөлөкпул алууга сунушталды.
Ар тараптан келген кайрымдуулук фонддору тарабынан атасы жок жарым жетим калган балдарга буга чейин 10 балага Кувейт Эл аралык уюму тарабынан ай сайын стипендиялар берилип жатса, быйылкы жылдын декабрь айында да 10 атасы жок балдарга Кувейттик арабтар тарабынан кышка карата куртка жана бут кийимдер берилди.
Корул айыл өкмөтүндө тоголок жетим калган балдара райондук администрациясынын башчысы тарабынан шефтикке бөлүнүп берилген мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынын колдоо көрсөтүлүп, кышка карата жылуу кийим-кечектер алынып берилди.
Январь айында план 53500 сом болсо аткарылганы 129000 сом, февраль айына план 53500 сом болсо аткарылганы 62480 сом, март айына план 53500 сом болсо аткарылганы 64680 сом, апрел айына 53500 сом болсо аткарылганы 44680 сом, май айына 53500 сом болсо аткарылганы 18000 сом, июнь айына 53500 сом болсо аткарылганы 18400 сом, июль айына 53500 сом болсо, аткарылганы 58200 сом, август айына 53500 сом болсо, аткарылганы 50000 сом, сентябрь айына 53500 сом болсо аткарылганы 10000 сом, октябрь айына 39500 сом болсо, аткарылганы 49500 сом, ноябрь айына 39500 сом болсо, аткарылганы 52440 сом, декабрь айына 39500 сом болсо, аткарылганы 57140 сом чогултулуп, 2015-жылдын жыйынтыгында 600000 сом пландын ордуна 637640 сом чогултулуп, 37640 сом ашыкча төгүлдү.