Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы ( VI чакырылышы)
2017-жылдын 7-августу №28
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 01-августундагы №01-22/802 катынын негизинде Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылындагы “Кароол-жай” участкасынан ООО “Нур телеком” ишканасына байланыш түйүнүн куруу үчүн жер аянтын убактылуу иштетүүгө макулдук берүү боюнча депутаттар арасында кеңири талкуу журуп Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылындагы “Кароол-жай” участкасынан ООО “Нур телеком” ишканасына байланыш түйүнүн куруу үчүн 25 кв м жер аянтын убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Керектүү документтерин даярдап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо жана райондук архитектар жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевге жүктѳлсүн.
Төрага |
М. Соорбаев |