Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы (VI чакырылыш)
2017-жылдын 7-августу №30
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылындагы элдик конушка берилген 27 га жер аянтынын чыгыш тарабынан социалдык курулушка калтырылган 0,07 га жер аянтын аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү боюнча депутаттар арасында кеңири талкуу журуп Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылындагы элдик конушка берилген 27 га жер аянтынын чыгыш тарабынан социалдык курулушка калтырылган 0,07 га жер аянтын аукцион аркылуу сатуу чек ара маселелерине байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
М. Соорбаев |