Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 28-августу №35
Чон-Кара айылына жана чек ара заставасына таза суу линиясын тартуу боюнча долбоордун мооноту узартылгандыгына байланыштуу депутаттар арасында кенири талкуу журуп Төрт -Гүл айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чон-Кара айылына жана чек ара заставасына таза суу линиясын тартуу боюнча долбоордун мөөнөтү узартылгандыгына байланыштуу техникалык көзөмөлдөө инженери М.Дубанаевге 1 айлык эмгек акысы сентябрь айы үчүн кошумча төлөнүп берилсин.
2. Келишимде көрсөтүлгөн 1 айлык эмгек акысын төлөп берүү жагы ФЭБ башчы Р.Кочкоровага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы И.Эралиевге жүктөлсүн.
Төрага |
М. Соорбаев |