Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин (VI) шайланган кезектеги III сессиясы
2017-жылдын 9-февралы №9
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата 2016-жылдын бюджетинин атайын каражат эсебинде, Ага-Хан фонду тарабынан каржыланган жумуштарга б.а. түнку жарыктандырууга, бала-бакчаны капиталдык ремонттоого жана жолдун четине суу агуучу лоток орнотууга, 1508,1 мин сом аталган фонд тарабынан берилери бышыкталып, ушул акча каражатка Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан лимит алуу максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине бала-бакча бөлүмүнүн 3111 статьясына 420,5 миң сомго лимит суралып, аткарууга алынсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебинин ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясына 1087,6 миң сомго лимит суралып, аткарууга алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.Эсеналиев |