ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 15-марты №10
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата 2016-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 6551,1 (Алты миллион беш жүз элүү бир миң бир жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан 1-кварталга карата электроэнергиясынын сарпталуу чыгашалары аба-ырайынын өзгөрүшү жана жаны мектептин кошулушу себептен көп иштетилип, Өзгөн РЭТ ишканасына төлөөгө зарыл болгондуктан, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн электр чыгашаларын төлөө үчүн бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен билим берүү бөлүмүнүн 2231 статьясына 150,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.Эсеналиев |