Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-апрели № 31/2
Корул айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 22-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча С.Жакыповдун жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, талкуулап Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу боюнча бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер титирөөдөн жабырлангандарга жакындам жардам берип тактоо жагы С.Жакыповго, сел каптоонун, суу ташкындарынын, жер көчкүлөрдүн алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш чаралар күчөтүлсүн, жер көчкү коркунучу бар участокторго жооптуу кызматкерлер бекитилип, эл арасында түшүндүрүү иштери айыл башчылар тарабынан жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жамааттар жана Граждандык коом менен иштөө, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |
| Корул айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чындоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Раев Өмүрбектин
|
БИЛДИРҮҮСҮ
2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөнүн негизинде Кыргыз Республикасынын ӨКМнин мониторинг департаментинин бөлүм башчысы менен биргеликте ӨКМнин райондук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Т.Ариновдордун текшерүүсүндө, Корул айыл өкмөтү боюнча жалпы 180 турак- жай изилденип, анын ичинен авариялык абалда 19 турак - жай, капиталдык ремонт жасоого муктаж 31 турак- жай, калган турак- жайлар 1-2- даражада жаракат алгандыгы аныкталган.
Авариялык абалдагы турак-жайдын 13 үй ээлери мамлекеттик каттоодон үйлөрүнүн документтерин такташып, 200,0миң сомдук сертификаттарын алышты. 4-даражадагы авариялык абалдагы турак жайдын үй бүлөөлөрү өздөрүнүн туугандарын үйлөрүнө киргизилип, үйүнө киргизген үй ээлерине 20,0 миң сомдон акча таркатылып, жалпы айыл өкмөтү боюнча 380,0 миң сом таркатылды. Ал эми Тогуз-Булак айылынын тургуну турак –жайы авариялык абалдагы, 1-топтогу майып Тилдебаев Исамидинге 1 бөлмөлүү контейнер үй берилген.
Соц.фонд тарабынан турак-жайлары 4-даражада жабыр тарткан 19 үй бүлөөлөрдүн пенсионерлерине ар бирине 10,0 миң сомдон, 3-даражадагы 31 үй бүлөөлөрдүн пенсионерлерине 6,0 миң сомдон накталай акча таркатылган. Ал эми 3-даражадагы жабыр тарткан 31 турак жайдын ээлерине 10,0 миң сомдон толук ремонт үчүн акчалай жардам берилген.
Турак үйлөрү жабыр тарткан жарандарга өзгөчө кырдаалдар тарабынан 83 кап ун, 762 кг макарон, 19 кг туз, 48 даана кийим кече, 35 даана бут кийим, 450литр май, 25 кг күрүч, 683 кг пияз, 813кг сабиз, 5 пачка чай, 1010 кг картошка, 10даана капуста, 32,5 тонна көмүр, 122кг пряник, 250 кг кумшекер, 19даана одеял, ошондой эле Кызыл жарым коомунан 31 одеял, идиш аяктар берилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б.Примов тарабынан 3-4-даражада жабыр тарткан турак үйлөрдүн ээлерине 20 тонна, Өзгөн районунан 12,5 тонна көмүр келип, бекер таркатылган.
Ал эми 2-этаптагы 4-даржада 6 жарандын турак үйү, 3-даражада 18 адамдын турак үйү Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук жана Алай райондук бөлүмү тарабынан текшерген комиссиянын жыйынтыгынын негизинде жабыркагандыгы аныкталган.
Ал эми кооптуу жерде жашаган жарандарга эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Быйылкы жылы
1. 1-Май каналынын башын бекемдөө иштерин аткаруу
2. Нооруз участкасына дамба куруу
3. Орон-Жылга участкасындагы көпүрөнүн жээгин бекемдөө
4. Таш-Кыя айылындагы Корул суусунун жээгин тосуу
5. Тепши чаты айылындагы Корул суусунун жээктерин бекемдөө