ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 15-марты №11
Дөң-Булак айыл аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыт жөнүндө” Мйызамынын 4-беренесине ылайые Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин натйыжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана аны аткаруу органы жайыт комитетине:
- жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча түзүлгөн бир жылдык жана көп жылдык пландарынын негизинде жүргүзүүсү;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын жергиликтүү расмий өкүлчүчлүктөрүнө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду берип туруу;
- Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына Жайыт комитетине жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, бекитүүдө, макулдашууда жана аткарууда ар тараптуу жардамдарды такай көрсөтүп туруу жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановго тапшырылсын.
Төрага |
П.Эсеналиев |