Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 8-апрелиндеги №12 «Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 8-апрели №12
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2017-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгү 222000 сом, чыгаша бөлүгү 222000 сом болуп бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин төрагасынын менчигиндеги ДЭУ матиз мам. №06 КG392 ААВ номерлүү автоунаасы кызматтык автоунаа катары колдонууга берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
П.Эсеналиев |