ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 8-апрели №13
Дөң-Булак айыл өкмөтнүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата 2016-жылдын бюджетине атайын каражат эсебине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 111,2 (Бир жүз он бир миң эки жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Ак-Ниет” балдар бакчасына (Тамак аш жана духовка 1шт, пылесос 3шт, газ балон заправкасына, ленолеум 15м., стол 6шт, стул 30 шт, кир жуугуч машина) ж.б.у.с.керектелүүчү бюумдарды алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин атайын каражат эсебинен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Ак-Ниет” балдар бакчасына (Тамак аш жана духовка 1шт, пылесос 3шт, газ балон заправкасына, ленолеум 15м., стол 6шт, стул 30 шт, кир жуугуч машина) ж.б.у.с.керектелүүчү бюумдарды алуу үчүн бош (свабодный остаток) калган атайын каражат калдыктын эсебинен бала-бакча бөлүмүнүн 3112 статьясына 55,6 миң сом, бала-бакча бөлүмүнүн 2234 статьясына 14,4 миң сом, бала-бакча бөлүмүнүн 2218 статьясына 41,2 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
П.Эсеналиев |