Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 8-апрели №15
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата 2016-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 6551,1 (Алты миллион беш жүз элүү бир миң бир жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал айылына асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал айылына асфальт төшөө үчүн бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясына 497,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
П.Эсеналиев |