Редакцияот 08.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы ( VI чакырылыш )

 

2017-жылдын 8-апрели №16

Дөң-Булак айыл өкмөтнүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата 2016-жылдын бюджетинин атайын каражат эсебинде, Ага-Хан фонду тарабынан каржыланган жумуштарга б.а. түнку жарыктандырууга, бала-бакчаны капиталдык ремонттоого жана жолдун четине суу агуучу лотокчо орнотууга, 75,0 мин сом элдик салым салынган. Ушул акча каражатын жогорудагы жумуштарга жумшоо максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебинен бала-бакча бөлүмүнүн 3111 статьясына 30 миң сом каралып, аткарууга алынсын.

2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебинен ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясына 45 миң сом каралып, аткарууга алынсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

П.Эсеналиев