Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 23-майы №19
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Дарыя айылынын тургундарын турак жай салуу боюнча жазган арызын жана элдердин муктаждыгын канаттандыруу максатында жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Дарыя айылынын тургундарын турак жай салуу боюнча жазган арызын жана элдердин муктаждыгын канаттандыруу максатында 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу жөнүндөгү мыйзамын негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Дарыя участкасындагы № 28 контурдан 0,20 га жер аянты “Кыргызмамжердолбоор” ишканасынын 2017-жылдын 1-февралындагы № 01-08-5-06-03-24 № 290 корутундусу боюнча 1991-жылкы инвентаризациялоо китепчесинде суралган 0,20 га жер у0частогу № 28 контурда 6,8 га калктуу конуш болуп белгиленген жердин ичинде жайгашкандыгы үчүн 0,20 га жер аянты турак жай салуу үчүн ажыратылып берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, калктуу конуш жер аянты мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамакаттоо” башкармалыгына сунуш кылынсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
П.Эсеналиев |