Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-апрели № 31/3
Корул айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин окуу тарбиялык иштеринин жүрүшү боюнча жана мектеп окуучуларынын бири-бирине үстөмдүк кылууларын жана түнкү отуруштарды болтурбоону алдын алуу боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин окуу тарбиялык иштеринин жүрүшү боюнча жана мектеп окуучуларынын бири-бирине үстөмдүк кылууларын, акыркы коңгуроо салтанатына карата окуучулар арасында түнкү олтуруштарды болтурбоону алдын алуу боюнча Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин окуу тарбиялык иштеринин жүрүшү боюнча жана мектеп окуучуларынын бири-бирине үстөмдүк кылууларын жана түнкү отуруштарды болтурбоонун алдын алуу боюнча бир топ иштердин жүргүзүлгөндүгү белгиленсин жана мындан ары ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, текшерүүлөр жүргүзүлсүн.
2. Мектеп окуучуларын медициналык эрежеден өткөрүүнү ар жыл сайын камсыз кылуу, билим берүү мекемелеринин санитардык-гигиеналык абалын такай көзөмөлдөө, жагын жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу жагы ФАП башчыларына, айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Мектептерде жана класстык кааналардын санитардык- гигиеналык абалын жакшыртуу, 1-4-класстарга шашке тамагын уюштурууда баардык нормаларды жана азык-түлүктүн сапатын сактоо, ашканада балдарга тамак берилүүчү жайлардын абалын санитардык –гигиеналык жактан колго алуу жагы мектеп директорлоруна жана айыл башчыларга тапшырылсын.
4. Айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин 2016-2017-жаңы окуу жылына карата ремонт иштерин өз убагында сапаттуу бүтүрүү жагы мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана ФАП башчыларына тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |
| Корул айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин окуу тарбиялык иштеринин жүрүшү боюнча жана мектеп окуучуларынын бири-бирине үстөмдүк кылууларын жана түнкү отуруштарды болтурбоону алдын алуу боюнча билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Калык уулу Сеитбектин |
БИЛДИРҮҮСҮ
Ж.Орозов атындагы орто мектебинде 18 мугалим, 7 техникалык кызматкер эмгектенет. Мектепте 163 окуучу билим алат. Мектепте окуучулардын бири-бирине үстөмдүк кылуулары боюнча катталган эмес. Ал эми түнкү отуруштар боюнча ата-энелер менен биргеликте түзүлгөн келишимдери бар. Окуучулардын түнкү отуруштары жана башка тартип бузуучулук боюнча катталган эмес.
А.Бекташов атындагы орто мектебинде 23 мугалим, 10 тех.кызматкер эмгектенет. 286 окуучу билим алат. Окуучулардын катышуусу жакшы. 14-апрель күнү окуучулардын ата-энелери менен чогулуш өткөрүлгөн. Бул мектептин маселеси, биринчи мектеп формасы, экинчи 1-4-класстардын окуучуларынын тамак-ашы боюнча Мерсико жоюлуп жаткандыгына байланыштуу. Окуучулардын түнкү отуруштары боюнча ата-энелер менен келишим түзүлүп, ата-энелер келишимге кол коюшкан. Окуучулардын түнкү отуруштары катталган эмес. Түнкү отуруштарды болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Окуучулардын бири-бирине үстөмдүк кылуулары боюнча катталган эмес.
К.Тайчабаров атындагы орто мектебинде 23 мугалим, 4 техникалык кызматкер эмгектенет жана 210 окуучу билим алат. Бул мектепте дагы түнкү отуруштарды өткөрүп бербөө боюнча ата-энелер менен келишим түзүлүп, ата-энелер келишимге кол коюп беришкен. Отуруштар катталган эмес, отуруштарды болтурбоо боюнча түщүндүрүү ишетри жүргүзүлүп турулат. Окуучулардын бири –бирине үстөмдүк кылуулары жана тартипсиздик катталган эмес.
Ж.Алимов атындагы орто мектебинде 31 мугалим, 8 техникалык кызматкер эмгектенет. Мектепте 345 окуучу билим алат. Окуучулардын катышуусу жана билим сапаты жакшы, түнкү отуруштарды болтурбоого жана башка тартип бузууларга жол бербөө боюнча ата –энелер менен биргеликте келишим түзүлүп, келишимге ата-энелер кол коюшкан. Түнкү отуруш катталган эмес. Кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турулат. Окуучулардын бири-бирине үстөмдүу кылуусу катталган эмес.
М.Маназаров атындагы негизги мектебинде 16 мугалим, 4 техникалык кызматкер эмгектенет жана 103 окуучу билим алат. Окуучулардын катышуусу жакшы. Түнкү отуруштарды болтурбоо жана башка тартип бузууларга жол бербөө үчүн, ата-энелер менен биргеликте келишим түзүлүп, келишимге ата-энелер кол коюшкан. Түнкү отуруштар жана окуучулардын бири-бирине үстөмдүк кылуусу катталган эмес. Бул боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турулат.