Редакцияот 23.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы ( VI чакырылыш )

 

2017-жылдын 23-майы №22

“Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишканасынын Дөң-Булак айылдык аймагына ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо курулмасынын курулушуна макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде, “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин жүргүзүп жаткан иштеринин маалыматын угуп жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөң-Булак айыл аймагынын Чымбай, Бабаш уулу, Бөксө-Жол, Төөлөс айылдарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну тазалоо максатында курулуучу жаңы долбоор үчүн Европа өнүктүрүү банкынан “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишканасы жалпысы – 2877000 (2 млн. сегиз жүз жетимиш жети миң) евро же бүгүнкү күндөгү курс боюнча 3318488 АКШ доллары , анын ичинен 71% акча кражаты кайтарымсыз грант түрүндө, 29% узак мөөнөттүү он беш жылга жеңилдетилген шарттары менен насыя алууга макулдук берилсин.

2. Насыя алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишканасынын жана Европа өнүктүрүү банкынын ортосунда субкредиттик келишимдерди

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановго Дөң-Булак айыл аймагынын Чымбай, Бабаш уулу, Бөксө-Жол, Төөлөс айылдарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну тазалоо максатында жаңыдан куруу долбоорунун алкагында бөлүнүп берилүүчү акча каражатын максаттуу пайдаланышына көзөмөл жүргүзүү, суралган иш кагаздарын өз мөөнөтүндө даярдап берүү жана жакындан көмөктөшүү жагы милдеттендирилсин.

3. “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишканасынын жетекчиси К.Аширбековго айыл калкын таза суу менен камсыз кылуунун жакшыртуу максатында Европалык өнүктүрүү жана Реконстркуциялоо банкы менен тыгыз байланышта иштеп, алар тарабынан каржылануучу долбоорду толук турмушка ашыруу жагы жүктөлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Жусупов Өмүрбекке милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

П.Эсеналиев