Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 23-майы №23
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата 2016-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 6551,1 (Алты миллион беш жүз элүү бир миң бир жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан айыл өкмөтүнүн аймагындагы Өзгөрүш айылына электр чубалгыларын тартуу учун (ЖБИ) столба алууга 332,5 миң сом жана айыл өкмөтүнө караштуу Г.Титов орто мектебинин ички класстары тар болгондуктан, ондоо жумуштарын талап кылгандыктан ага 235,6 сом акча каражаты каралып жогорудагы жумуштарды аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Өзгөрүш айылына (ЖБИ) столба коюу учун, аталган жумушка 332,5 мин сом каржыланып жогорудагы жумушту аткаруу максатында ЖКХ бөлүмүнүн 31113290 статьясына бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 332,5 мин сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Дөн-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Г.Титов орто мектебинин ички класстары тар болгондуктан, ондоо жумуштарын талап кылгандыктан, аталган жумушка 235,6 мин сом каржыланып жогорудагы жумушту аткаруу максатында билим берүү бөлүмүнүн 31112390 статьясына бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 235,6 мин сом каралып, аткарууга алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
П.Эсеналиев |