ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 16-июну №24
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин №95 беренесине ылайык 2018-2020-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселе айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Дөн-Булак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү киреше жана чыгаша бөлүгү 2018-жылга 16140,2 мин сом, 2019-жылга 16562,3 мин сом, 2020-жылга 16762,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет,финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
П.Эсеналиев |